Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:52

Чуулгандуу мушташ: шектүүлөрдүн милициядагы тууганы кармалды


Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Казыбек Бапышов кармалды.

Ал - 28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде эки адамды катуу сабап, өмүрүнө коркунуч келтирди деп кармалган бир туугандар Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековдун тууганы. Милицияда иштеп турган учурда Казыбек Бапышов окуя болгон жерге жетип барып, аны кармаган милиция кызматкерлерине тоскоолдук кылып, инилерин бошотуп кеткен деп шек саналууда. Бул окуядан кийин ал кызматынан бошотулган.

Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков кийин милицияга өздөрү келип, камакка алынган. Мушташ болгондон кийин аларды милиция бөлүмүнө алып келип, кийин бошотуп жиберген Бишкектин Ленин райондук милициясынын эки кызматкери да кармалып, кайра үй камагына чыгарылган.

Казыбек Бапышов УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ушул айдын башында эки жигиттин катуу сабалганы тартылып калган видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган. Анда сабалгандардын бири катуу соккудан эсин жоготуп жыгылган. Каршылык көрсөтүүгө аракет кылган экинчиси аёосуз тепки жегенин көрүүгө болот. Кийин окуя 28-августта болгону аныкталган.

Окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 348-беренеси («Кылмышты жаап-жашыруу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG