Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Камчы Көлбаев милицияда көрсөтмө берип чыкты


Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013-жыл.
Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013-жыл.

Кыргызстандагы уюшма кылмыш тобунун анабашы атыккан Камчы Көлбаев «Алдамчылык» беренеси менен жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 11-сентябрда Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына күбө катары чакырылып, кайра коё берилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы тапта Жайыл райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Алдамчылык» беренеси менен катталган иш иликтенип жатат жана Көлбаев ушул ишке байланыштуу күбө катары суралды. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Камчы Көлбаев райондук милицияга барганын, анын себеби белгисиз экенин жазышкан.

Камчы Көлбаев Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинде (ИИМ) каттоодо турат. Министрлик 2018-жылы анын тобунда 424 адам бар экенин маалымдаган.

Көлбаев кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган деп айыпталып, 2012-жылдын декабрында камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Аны ошол жылы Дубайдын полициясы кармап, кайра коё берген. Көлбаев 2008-жылы Москвада «мыйзамдагы ууру» макамын алып, бир катар криминалдык авторитеттердин катышуусунда таажы тагынганы айтылган.​ (BTo)

XS
SM
MD
LG