Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:31

Кытай жарандары Өзбекстанда жети күн визасыз кала алат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 12-сентябрда кол койгон буйрукка ылайык, эмдиги жылдан тартып Кытайдын жарандары жана Гонконг паспортторунун ээлери Өзбекстанга визасыз каттай алат.

Визасыз режим жети күн менен чектелет. Бирок алардын маршруту үчүнчү өлкөнү камтыса, Өзбекстанда беш эле күн тура алышат.

Расмий Ташкент билдиргендей, өкмөт муну менен сырттан туристтерди тартууну көздөйт.

Эксперттердин баамында, Мирзиёев мамлекет башына келген төрт жыл ичинде Өзбекстанга саякаттаган туристтер кескин арбыды. 2018-жылы алар эки эсе көбөйүп, 5,3 миллионго чейин жеткен. Өзбекстанга ушул тапта 65 өлкөнүн жарандары визасыз каттай алат.

Жыл башында Казакстан менен Өзбекстан визаларды өз ара тааныган программаны иштеп чыгышканы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG