Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Жактоочу: Сапар Исаковдун ден соолугу начарлап баратат


Айыпталуучу Сапар Исаков, адвокаттар жана судья Марат Сыдыков. Улуттук тарых музейи боюнча соттук процесс. 10-сентябрь, 2019-жыл.
Айыпталуучу Сапар Исаков, адвокаттар жана судья Марат Сыдыков. Улуттук тарых музейи боюнча соттук процесс. 10-сентябрь, 2019-жыл.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочулары судьядан Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук отурумду жылдырууну өтүнүшөт. Бул тууралуу Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Ал мындай сунушту бүгүнкү соттук процессте беришерин жана ага саясатчынын саламаттыгы начарлап баратканы себеп болгонун айтты:

- Сапар Исаковдун абалы жакшырган жок. Тескерисинче оорлошуп баратат. Ал айыгыш үчүн тынч абалда жатышы керек экен. Ошондуктан «жок дегенде келерки дүйшөмбүгө чейин тынч жатканга мүмкүнчүлүк бергиле» деген өтүнүч киргизебиз.

ЖЭБ иши боюнча соттук отурум Бишкектин Свердлов райондук сотунда ар бир дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү саат 14:00дө болуп жатат.

Бул иште «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча шек саналып жаткан Сапар Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, 16-августтан 28-августка чейин Улуттук госпиталда жатып чыккан. Ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында.

Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу Исаков айыпталуучу катары шектелип жаткан дагы бир сот процесси 10-сентябрда өтпөй калган. Соттук отурум анын ден соолугуна байланыштуу 24-сентябрга жылдырылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG