Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Айжигитов чек ара боюнча: эки президент жолукканда үмүт арткан элек


Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон. Чолпон-Ата шаары. 27-июль, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон. Чолпон-Ата шаары. 27-июль, 2019-жыл.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасындагы атышууга себеп болгон жагдай терең иликтенип, ага күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу «Азаттыктагы» маегинде айтып, эки өлкөнүн президенттери жакында гана жолукканына карабай чек арада чыр чыкканын сынга алды.

- Эки өлкөнүн президенттери эң жогорку деңгээлде жолукканда «эми ушуну менен чек ара маселеси чечилет» деген үмүт пайда болгон. «Чек ара эки тараптын тең кызыкчылыгын коргоо менен, укуктук талаада чечилет» дегенде баарыбыз сүйүнгөнбүз. Ошого карабай учурдагы окуялар болуп жатат. Болгондо да оор куралдар колдонулуп, өлүмгө чейин алып келди. Бул эмне деген көрүнүш? Эки президенттин сөзүнүн да мааниси жокпу?, - деди Айжигитов.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон быйыл 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында, андан кийин 27-28-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Кийинчерээк Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн жетекчилери чек ара боюнча соңку сүйлөшүүдө бир пикирге келишкенин жарыялаган.

Эки айга жетип-жетпей, 16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болду. Анда 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, дагы 12 адам жаракат алды. Эки тарап чырдын чыгышына бири-бирин айыптап жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG