Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Израилдеги парламенттик шайлоодо кайрадан «ит жыгылыш» болду


Биньямин Нетаньяху менен Бенни Ганц.
Биньямин Нетаньяху менен Бенни Ганц.

Израилдеги парламенттик шайлоодон кийинки экзит-поллдор кайрадан эч бир партия парламенттик көпчүлүккө ээ боло албай турганын көрсөттү. Ага ылайык, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун оңчул «Ликуд» партиясы 120 орундуу парламентте 30дан ашык мандат алышы мүмкүн. Анын башкы атаандашы Бенни Ганцтын «Көк жана ак» борборчул партиясы буга чейин көрсөткүчүн бир аз жакшыртып, «Ликудга» тең же андан көбүрөк мандатка ээ болушу ыктымал.

«Израилдик арабдардын бирдиктүү тизмеси» аттуу саясий блокко кеминде 12 депутаттык орун тиет деп болжолдонуп жатат.

Кнессетте башкаруучу коалиция түзүш үчүн 61 депутаттык мандат керек. Эми партиялар коалиция кураш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Бирок Израил армиясынын башкы штабынын мурдагы жетекчиси, 60 жаштагы Бенни Ганц жемкорлукка байланыштуу шек саналып жаткан премьер Нетаньяхунун партиясы менен кызматташпай турганын айтты.

10 жылдан бери бийликте отуруп, бешинчи кызматтык мөөнөткө калууга аракеттенип жаткан 69 жаштагы Нетаньяху жаңы өкмөттү түзүүгө убада берди.

Быйыл жазында өткөн жалпы шайлоодо да аталган эки партия эң көп добуш алганы менен башкаруучу коалицияга бириге алган эмес. Ошондон улам парламент ыдырап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

17-сентябрдагы парламенттик шайлоого 29 партия катышты. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы шаршемби күнү жарыяланмакчы.

XS
SM
MD
LG