Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Жанарбек Акаев Токон Мамытовдун ишин сынга алды


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев акыйкатчы Токон Мамытовду «карапайым элдин эмес, бийликтин акыйкатчысы болуп жатканын» айтып сындады. Ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Кыргызстанда адам укуктары одоно бузулуп жатканын билдирди:

- Күч органдарына болгон элдин ишеними өтө төмөн. Чак түштө мушташып атышат, камалгандар кайра чыгып кетет. Адилеттик издегендер өз укугун коргой албай жатат. Карапайым адамдар эле эмес, саясатчылар, министрлердин орун басарлары, өкмөт башчы укугун коргой албай атат. Биз азыр ушундай шартта жашап жатабыз.

Акыйкатчы Токон Мамытов депутаттын айткан сын-пикирине жооп берди:

- ЖЭБ боюнча иште сотто иши каралып жаткандар менен абакка барып төрт-беш жолу жолугуп, сотуна да катыштым. Алардын арыз-муңун угуп, тиешелүү кагаздарды сотко, Башкы прокуратурага жибердим. Бирок бардык маселе чечилген жок.​

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысынын жана Кыйноонун алдын-алуу боюнча улуттук борбордун директорунун 2018-жылга карата баяндамасын угуп жатат.

Анда акыйкатчы Токон Мамытов 2018-жылы Акыйкатчы институтунун борбордук жана аймактык бөлүктөрүнө укугу бузулганын билдирип 11 миң 260 адам кайрылганын, алардын көбү сот бийлигиндеги адилетсиздикке туура келерин айтты.

Мамытов Кыргызстандын акыйкатчысы болуп 2018-жылдын сентябрь айында шайланган. (BTo)

XS
SM
MD
LG