Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Казакстан: Токаев үчүнчү ирет аппарат башчысын алмаштырды


Ерлан Кошанов.
Ерлан Кошанов.

Токаевдин жарлыгына ылайык, президенттик аппараттын жетекчиси болуп Ерлан Кошанов дайындалды. Кошанов буга чейин Караганда облусунун губернатору болуп иштеген. Ал эми Токаевдин аппаратын эки ай мурун гана жетектей баштаган Крымбек Кушербаев Мамлекеттик катчылыкты башкарат. Ошондой эле мурдагы тышкы иштер министри Бейбит Атамкулов индустрия жана инфратүзүм министрлигине дайындалса, өлкөнүн башкы дипломаттыгын эми Мухтар Тлеуберди аткарат.

Казакстандын бир нече өлкөдө элчиси болгон Тлеуберди акыркы убакта тышкы иштер министринин биринчи орун басары болчу.

Быйыл март айында өлкөнү 30 жылга жакын башкарган Нурсултан Назарбаев бийликтен өз ыктыяры менен кеткен соң президенттикке киришкен Касым-Жомарт Токаев ушуну менен үчүнчү ирет аппарат башчысын алмаштырууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG