Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күрөшөт. Финалдык таймаштар бүгүн, 20-сентябрда кечки саат 18:00дө башталат. Таймаштын жүрүшүн Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтынан түз эфирде көрсөтөт.
Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнө 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып жатат. Буга чейин төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын жеңип, мелдештин финалына чыккан.
Алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңди. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жеткен.
Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.
Жарым финалдык беттеште Тыныбекова Түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсеби менен жеңип, күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык балбан кыз болду.
Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, 5-орунду алган. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-жыл). Азиянын үч жолку чемпиону.
Кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан төрт балбан кыз барды. 18-сентябрда Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова килемге чыгып, мелдешти байгесиз жыйынтыкташты. 17-сентябрда 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мадина Надирова да мелдештен четтеген. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат. (GT)