Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:24

Тегирменчилер коомунун жетекчиси Жунушов Айтматованы дебатка чакырды


Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

Кыргызстандын Тегирменчилер коомунун жетекчиси Рустам Жунушов «Ун мафиясы» деген видеого байланыштуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованы дебатка чакырды. Ал видеодо айтылгандар чындыкка коошпой турганын, аларды далилдеп берерин айтып жатат.

- Ширин Айтматова элге туура эмес маалымат берди. Ошондуктан мен коом туура маалыматты алсын деп аны дебатка чакырдым. Ал «ишкерлер кошумча нарк салыгын чөнтөгүнө салып алышкан» деп айтып атат. Бул экономикалык жактан мүмкүн эмес, - деди ал.

Мурдагы парламент депутаты, «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова 22-сентябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын «өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн мыйзам долбоорун сүрөгөн» деп айыптаган видео жарыялаган.

Анын жүйөсүндө, бул көрүнүш 2015-жылы 14-октябрда өкмөт сунуш кылган «Кыргызстанга ташылып келген арпа менен буудайды кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө» мыйзам долбоорунда байкалган. Муну менен өлкө казынасына 600 млн. сомдой каражат түшпөй калганы айтылган.

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын «Ун мафиясы» деген видеосунда КСДП, «Өнүгүү - Прогресс» жана «Кыргызстан» фракцияларынын белгилүү депутаттарынын аты аталат. Эл өкүлдөрү коюлган дооматтарды четке кагышкан.

Айтматова 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешти жаңыртып-жаңылоого үндөй баштады. (BTo)

XS
SM
MD
LG