Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:35

Мугалимдердин айлыгы 1-октябрда көтөрүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу токтомго кол койду. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, билим берүү тармагынын кызматкерлеринин маянасын 30% көтөрүү тууралуу чечим 1-октябрдан тартып аткарыла баштайт.

Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл августта мугалимдердин Ысык-Көлдө өткөн кеңешмесинде да бул тууралуу айтып, айлыктын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адиске тиешелүү болорун билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, айлык көтөрүлгөнүнө байланыштуу 2019-жылдын соңуна чейин 1,7 миллиард сом керек болот. Өкмөт каражат табылганын, эмки жылга 7 миллиард сом керек болорун, ал деле маселе жаратпай турганын маалымдоодо.

Баштапкы эсептөөлөргө ылайык, аптасына 20 саат сабак берген мугалимдердин айлыгы 12 796 сомдон 17 0 97 сомго жогорулайт. Жумасына 36 саат менен иштеген тарбиячылардын маянасында деле ушундай өзгөрүү болот.

Иш тажрыйбасына, саатына жараша жана башка төлөмдөрдү эске алганда, мугалимдердин маянасында айырмачылык чыгышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG