Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:55

Австрия: парламенттик шайлоодо Курцтун партиясы алдыда


Себастьян Курц.
Себастьян Курц.

Австрияда 29-сентябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, эскичил турумдагы «Элдик партия» алдыга чыгып, добуштардын 37 пайызын алды. Эми аталган партиянын лидери Себастьян Курц дагы премьер-министр болушу ыктымал. Ал коалициялык көпчүлүк түзүш үчүн башка партиялар менен сүйлөшүп, макулдашуусу керек.

Башкаруучу коалициядагы алардын болжолдуу өнөктөшү деп эсептелген «Жашылдар» партиясын шайлоочулардын 14 пайызы колдоду. Бул партиянын лидери Вернер Коглер коалицияга кошулуу тууралуу сунушту караштыруудан мурда «Элдик партиянын» саясатында “радикалдуу өзгөрүүлөрдү” көрүшү керек экенин билдирди.

Курцтун өкмөтү вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе катышкан видеого байланыштуу чырдан улам быйыл май айында кызматтан кеткен. Анда Штрахе орус президенти Владимир Путинге жакын олигарх Игорь Макаровдун тууганы катары кеп болгон аял менен жолукканы, эгер жолугушкан тарабы шайлоону каржылап берчү болсо, кийин Австрия өкмөтү аларга бир топ кирешелүү бизнес келишимдерин бериши мүмкүн деген өңүттө сөз болгон.

XS
SM
MD
LG