Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Жээнбеков ЕАЭБ форумуна катышуу үчүн Ереванга жөнөп кетти


Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Армениянын борбору Ереван шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков 1-октябрда Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын «Евразиялык континенттин транзиттик дарамети» форумунун ишине катышат.

Кыргыз делегациясынын курамында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов жана финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бар.

XS
SM
MD
LG