2-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл, Талас, Нарын дубандарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3 градуска чейин үшүк жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +13...+18,
Талас жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +11...+16,
Баткен облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +16...+21,
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +15...+20,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18,
Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +11...+16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7 суук, күндүз -2...+3 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн +7...+9 градус жылып, жамгыр жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +16...+18 градуска көтөрүлөт.