Шаардык мэриянын аппарат жетекчисинин иш бөлмөсүнөн жоголгон буюмдарды уурдоого шектүү катары калаанын 16 жаштагы тургуну кармалды. Облустук милициянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, өткөн айдын этегинде Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов милицияга арыз менен кайрылган. Анда 3-кабатта жайгашкан иш бөлмөсүн ачык калтырып, бир саамга чыгып кеткен учурда капчыгын, анын ичиндеги акчасын жана жарандык паспортун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен.
«Уурулук» фактысы менен козголгон иштин алкагында бүгүн, 2-октябрда 16 жаштагы шаар тургуну шектүү катары кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Шаардык ички иштер башкармалыгы мэрдин кабылдамасында жергиликтүү аткаминердин чөнтөк телефону жоголгон факты боюнча козголгон экинчи ишти да териштирип жатат.
Ушул жылдын 24-сентябрында Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин кабылдамасында шаардык суу канал башкармалыгынын башчысы Төлөн Бакировго таандык чөнтөк телефону жоголгон. Ал күнү шаардагы бир топ мекеме-ишканалардын жетекчилери мэрдин иш бөлмөсүнө аппараттык жыйынга чогулушкан.
Ички тартип боюнча алар мэрдин бөлмөсүнө кирерде чөнтөк телефондорун кабылдамадагы кутучага калтырып кириши керек. Жыйын аяктаган соң жетекчи калтырылган телефонун таба албай калган. «Самсунг S8» үлгүсүндөгү 30 миң сомго бааланган жергиликтүү аткаминердин чөнтөк телефону азырынча табыла элек. Бул багытта да «Уурулук» фактысы менен кылмыш иши козголгон. (RsK)