Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Муртазалиевге парламенттин төрагасы энчилүү саат берди


Дастанбек Жумабеков жана Абдурахманхажи Муртазалиев.
Дастанбек Жумабеков жана Абдурахманхажи Муртазалиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдурахманхажи Муртазалиевди энчилүү саат менен сыйлады.

Парламенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда спикер акыркы учурларда жаштар спортко өзгөчө көңүл буруп, мамлекет да аймактарды жаңы спорттук комплекстер менен камсыздоону колго алганын белгилеген.

Буга чейин Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болгон Абдурахманхажи Муртазалиевдин жеңиши өкмөттүн көңүл сыртында калганы социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Муртазалиев 23-сентябрда польшалык Павел Недзини жеңип, дүйнө чемпиону болгон.

Грэпплинг (Gi). Дүйнө чемпионаты. 84 кг. Финал. Абдурахманхажи Муртазалиев - Павел Недзи

Абдурахманхажи Муртазалиев 25 жашта. Жиу-житсунун не-ваза түрүнөн Азия чемпионатынын алтын (2017-жыл) жана күмүш байгесинин ээси (2016-жыл). Дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган (2017-жыл). Жабык имарат ичиндеги таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарынын чемпиону (2017-жыл). Азия оюндарында коло байге алган (2018-жыл). (BTo)

XS
SM
MD
LG