Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Кыргызстанда 111 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат


Кыргызстанда курулуп жаткан мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда курулуп жаткан мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын эсебинде Кыргызстандын аймагындагы 111 мектепте курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Отузга жакын мектеп жылдын этегине чейин пайдаланууга берилиши керек.

5-октябрда Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышы болду. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Бул күнү ошондой эле Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында типтүү мектептердин курулушу башталды.

Өкмөт буга чейин 2016-жылдан 2019-жылга чейин өлкө аймагында 220 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 бала бакча курулуп, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөнүн кабарлаган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда учурда 190дон ашык мектеп авариялык абалда турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG