Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Косоводогу парламенттик шайлоодо эки оппозициялык партия жеңди


Рамуш Харадинай журналисттер менен. 19-июль, 2019-жыл.
Рамуш Харадинай журналисттер менен. 19-июль, 2019-жыл.

Косоводо 6-октябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү. Экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, анда «Өз алдынчалык» менен «Косовонун демократиялык лигасы» деп аталган эки башкы оппозициялык партия бирдей упай, ар бири 30 пайыздан добуш алды.

«Reuters» маалымат агенттиги Демократиялык партияны шайлоочулардын 22 пайызы колдогонун жазды. Коалициялык көпчүлүк түзүш үчүн эми фракциялар өз ара сүйлөшүүгө тийиш.

Косовонун парламентинде 120 орун бар. Өлкөнүн мыйзамына ылайык, серб улуттук азчылыгына 10 мандат берилет, дагы он орун башка улуттарга бөлүштүрүлөт.

Быйыл июль айында ошол кездеги премьер-министр, косоволук албандардын мурдагы таасирлүү талаа командири Рамуш Харадинай кызматтан кеткенден кийин парламент тарап, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыяланган. Анын алдында Харадинай 1998-1999-жылдардагы сербдерге каршы согуштагы аракеттерине байланыштуу Гаага сотуна суракка чакырылган болчу. Ал Гаага соту койгон айыптан улам 2005-жылы да премьер-министрлик кызматтан кеткен.

Косово 2008-жылы Сербиядан бөлүнүп, өзүн өз алдынча мамлекет деп жарыялаган. Анын эгемендигин дүйнөнүн 110 өлкөсү тааныган. Сербия болсо Косовонун эгемендигин четке кагып, өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG