9-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12…17;
Нарын дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° болот.