Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Жумабеков: Кыргызстан менен Литванын саясий системасы окшош


Литва парламентинин өкүлдөрү менен жолугушуу.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Литвага барган сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламент төрагасы Викторас Пранцкетис менен жолугушкан учурунда айтты. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык талкууланган. Жолугушууда төрага Жумабеков Литва менен Кыргызстан адам укуктары менен демократиялык баалуулуктарга маани берген саясий системада жашап жатканын билдирген.

- Биз эл аралык аянтчаларда бир-бирибизди колдоп келе жатабыз. Эки тараптуу мамиленин жаңы деңгээлге чыгышын каалайбыз - деп белгилеген Дастан Жумабеков.

Жогорку Кеңеш депутаттары Литвага расмий сапар менен барган. Алар буга чейин Латвия өлкөсүндө болуп, эки тараптуу кызматташтыктын оош-кыйыштарын талкуулашкан. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG