Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Түрмөдөн качууга аракет кылган жаранга курал колдонулду


Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түрмөдөн 19 жылга соттолгон 31 жаштагы жаран качууга аракет кылган. Түрмөнүн күзөтчүлөрү курал колдонуп, соттолгон адамга эки жолу ок тийип, ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Качууга аракет кылган кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп, ден соолугу канааттандыраарлык экени кабарланды. Окуя 17-октябрда эртең менен болгон. Учурда бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды. (TSh)

XS
SM
MD
LG