Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Каталонияда демонстрациялар уланып жатат


Каталониядагы демонстранттар. 18-октябрь, 2019-жыл.
Каталониядагы демонстранттар. 18-октябрь, 2019-жыл.

Испаниянын Каталония аймагында 18-октябрда испан сотуна каршы иш таштоо акциясы уланды. Барселонадагы демонстрацияга түмөндөгөн адамдардын катышуусу күтүлүп жатат.

Буга чейин аймактын бир нече шаарларында полиция менен митингчилер кагылышкан. Жапырт каршылык акциялары 14-октябрда Испаниянын Жогорку соту сепаратизмге айыптап ​жергиликтүү 12 саясатчыга өкүм чыгаргандан соң башталды. Алардын тогузу 9 жылдан 13 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылды. Үч соттолуучуга бийликке баш ийбегени үчүн айып пул да салынды.

2017-жылдын 1-октябрында Каталониянын автономдуу бийлиги расмий Мадриддин каршылыгына карабай аймактын Испаниядан өз алдынча болобуз деп талаштуу референдум өткөргөн. Анда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү Каталониянын Испаниядан бөлүнүшүн жактаган.

Бирок аймактын эгемендигин эл аралык коомчулук тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG