Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Каталониянын жикчил лидерлери соттолду


Сот өкүмүнө каршы Барселонада жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты. 14-октябрь, 2019-жыл.
Сот өкүмүнө каршы Барселонада жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты. 14-октябрь, 2019-жыл.

Испанияда каталониялык жикчилдердин лидерлери 9 жылдан 13 жылга чейин түрмөгө кесилишти. Жогорку сот аларды Каталониянын эгемендиги боюнча 2017-жылы өткөн референдумда «элди өкмөткө каршы тукурганы үчүн» күнөөлүү деп тапты. Сот өкүмүнө каршы Барселонада жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты.

14-октябрда Испаниянын Жогорку соту баш-аягы 12 адамга өкүм чыгарды. Жикчилдердин тогуз лидери 9 жылдан 13 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылды. Үч соттолуучуга бийликке баш ийбегени үчүн айып пул салынды.

Соттолгондордун арасында кезинде Каталониянын автономдуу өкмөтүндө жана парламентинде жогорку кызматтарда иштегендер жана таасирдүү активисттер бар. Маселен, «элди өкмөткө каршы тукурган» жана «мамлекеттик каражатты туура эмес пайдаланган» деген айып коюлган Каталониянын мурдагы вице-президенти Ориол Жункерас эң узак мөөнөткө же 13 жылга кесилди. Каталон парламентинин мурдагы спикери Карме Форкадел 11 жыл 6 айга камалды. 12 соттолуучунун баары айыптарды четке кагышкан.

Кантсе да испан өкмөт башчысы Педро Санчес соттун өкүмүн кубаттап, чечимдер толугу менен ишке ашырыла турганын айтты.

Педро Санчес.
Педро Санчес.

- Испаниянын өкмөтү Жогорку соттун чечимин сыйлайт жана кабыл алат. Эч ким мыйзамдан жогору эмес. Испания сыяктуу демократиялык өлкөдө эч ким идеясы же саясий көз карашы үчүн соттолбойт. Бирок алар мыйзам аныктаган кылмыштуу аракетке барса, жоопко тартылат, - деди Санчес.

2017-жылдын 1-октябрында Каталониянын автономдуу бийлиги расмий Мадриддин каршылыгына карабай аймактын Испаниядан өз алдынчалыгы боюнча талаштуу референдум өткөргөн. Анда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү Каталониянын Испаниядан бөлүнүшүн жактаган.

Каталон бийлиги референдумдун жыйынтыгына таянып, өз алдынча Каталония Республикасы түзүлгөнүн жарыялаган. Бирок аймактын эгемендигин эл аралык коомчулук тааныган эмес. Бул референдумдагы ролу үчүн айыпталган 12 аткаминер менен активисттердин соттук иши быйыл февраль айында башталган эле.

Сот өкүмүнө каршы чыккан демонстранттар Барселона сыяктуу айрым шаарларда жолду торошту.
Сот өкүмүнө каршы чыккан демонстранттар Барселона сыяктуу айрым шаарларда жолду торошту.

Жогорку сот 14-октябрдагы чечими менен референдумдун артында турган, учурда Белгияда баш калкалап жүргөн Каталон өкмөтүнүн мурдагы башчысы Карлес Путчдемонду кармоону да буюрду. Референдумдан кийин көп өтпөй аймактан чыгып кеткен Пучтдемон Каталониянын мурдагы жетекчилерин баш-аягы 100 жылга абакка кескен соттун өкүмүн «ырайымсыздык» деп атады.

Каталониянын жергиликтүү өкмөтүнүн учурдагы башчысы Ким Торра да өкүмдү четке кагып, абакка кесилген каталон саясатчыларына мунапыс берүүнү талап кылды.

Ким Торра.
Ким Торра.

- Каталон өкмөтү менен кошо жеке өзүм да бул өкүмдү четке кагам. Себеби аны адилетсиз жана демократияга жатпаган чечим деп эсептейбиз. Бул өкүм - Каталониянын өз келечегин өзү аныктоо укугуна жана өз алдынчалыкты жактаган кыймылга каршы саясий өнөктүктүн бир бөлүгү, - деди Ким Торра.

Сот өкүмүнө каршылык иретинде Испаниядан бөлүнүүнү жактаган жүздөгөн адамдар Каталониянын аймактарын байланыштырган беш негизги жолу тороп салышты. Барселона, Жирона жана Льейда сыяктуу шаарларда жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты. Испан бийлиги аймакка кошумча полиция күчтөрүн жөнөттү.

Бирок испан премьер-министри Педро Санчес соттун дүйшөмбүдөгү чечими менен аймактагы карама-каршылык жана жикчилдик артта калганын, Каталония менен мамиледе жаңы барак ачылып жатканын белгиледи.

Испаниянын түндүк-чыгышында жайгашкан Каталонияда эгемендик маселеси утур-утур көтөрүлүп келет. Бул аймакта 7,5 миллиондой калк жашайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG