Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:59

Мамлекеттин менчигиндеги жер тилкелерин берүү тартиби бекитилди


Жаңы конуш.
Жаңы конуш.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган жобо айыл чарба, жайыт жерлеринин мамлекеттик фондунун, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө коруктагы аймактардын, ден соолукту чыңдоочу багыттагы жаратылыштык аймактардын жерлеринен башка мамлекеттик менчиктеги жерлерди жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга колдонууга берүү тартибин аныктайт.

Жободо электрондук аукцион тартибинде мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү каралган.

Ошону менен бирге өкмөттүн 1998-жылдын 27-январындагы «Жерлерди пайдалануу (иштетүү) укугун (өзгөртүүгө уруксат берүү) берүү жөнүндө өтүнмөлөрдү кароо жана козгоо тартиби жөнүндө» жана 2004-жылдын 2-сентябрындагы «Жер фондунун категорияларынын жер тилкелерин кадастрлык баалоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө» токтомдору күчүн жоготту деп таанылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG