Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Сариев: 9% менен эки-үч партияны алып келем деген тайкы саясат


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев парламенттик шайлоого карата киргизилген 9 пайыздык босого чек мурда депутаттардын «колун бурап» өткөрүлгөнүн билдирип, азыр саясатчылардын, коомдук ишмерлердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын буга каршы чыгып жатканын жактады. Бул тууралуу пикирин ал «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө айтты.

- Кооптонуу бар. 9% кылып алып, эки-үч партияны алып келип, ошолор менен эриш-аркак иштешем деген тайкы саясат. Бул эртеңкисин ойлобогон, алыска укурук таштабаган саясат десек болот. Ошон үчүн бүгүн убакыт бар, бир жыл бар. Президент Сооронбай Жээнбековдун «адегенде мыйзамдын баарын тактап алып, саясий партияларга, элге айтып, эл ынангандан кийин гана шайлоону убактысында өткөрүшүбүз» керек деп айтканы бар. Парламент ушуга терең мамиле кылып, киргизиши керек. 9 пайызды беш пайызга түшүрсө болот, - деди ал.

Парламенттик шайлоодо босого чек 2010-жылы беш пайыз болсо, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жетиге көтөрүлгөн. Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Быйыл жыл башында айрым депутаттар муну кайра түшүрүүнү сунуш кылышып, ал колдоо таппай калган. Шайлоо жакындаган сайын коомчулукта ал кызуу талкууланып, нааразылыктарды жарата баштады. (ErN)

XS
SM
MD
LG