Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:59

Түркия Орусиядан С-400 системасын сатып алууну улантат


Орусиянын С-400 зениттик ракеталык системасы.
Орусиянын С-400 зениттик ракеталык системасы.

Түркия АКШнын санкция салуу тууралуу эскертүүлөрүнө карабастан Москвадан дагы ракетага каршы С-400 системасын сатып алууну талкуулап жатат.

«Рособоронэкспорт» ишканасынын башчысы Александр Михеевдин орусиялык «Интерфакс» агенттигине айтканына караганда, эки тарап учурда каржылоону жана ракетаны жеткирүүнүн жадыбалын сүйлөшүүдө. Ал мындан башка кенен маалымат берген жок.

Түркия Орусиянын С-400 зениттик ракеталык системасын быйыл июлдан тартып ала баштаган.

Москвадан курал-жарак сатып алганы үчүн Анкараны НАТОдогу эң ири өнөктөшү АКШ сынга алып, санкцияларды киргизерин эскерткен. Ошондой эле Түркиянын С-400 системасын алганы үчүн F-35 үлгүсүндөгү америкалык өндүрүштөгү кыргын салуучу учактарды сатуудан баш тарткан.

Анкара Москвадан С-400 системасынын жаңы бөлүгүн сатып ала турганы тууралуу маалымат Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын Сочи шаарында Владимир Путин менен жолугуп, эки мамлекет коргонуу тармагы боюнча кызматташтыгын уланта турганын айткандан кийинки учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG