АКШнын президенти Дональд Трамп Анкаранын Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы операциясына байланыштуу Түркияга киргизилген санкциялар алынганын билдирди.
Трамп бул чечимин Түркия аскердик операциясын токтоткондугу менен түшүндүрдү. Ал аймактагы ок атуу Кошмо Штаттардын аракеттеринин натыйжасында жайгарылганын баса белгиледи.
Трамп Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечими туура болгонун дагы бир жолу кайталап, эми аталган аймак үчүн башка өлкөлөр жоопкерчилик алса болорун билдирди. Ошол эле маалда ал Сирия менен Түркиянын чек арасындагы аймактын бир бөлүгүн Анкаранын көзөмөлүнө, калганын Москва менен Дамаск күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөрүүгө мүмкүндүк берген орус-түрк макулдашуусу тууралуу ачык айткан жок.
Бул макулдашуунун алкагында Орусиянын аскердик полициясы шаршемби күнү алгачкы жолу Сириянын түндүгүндөгү белгиленген аймакты күзөтө баштады. Мурдараак аскердик полициянын колоннасы Евфрат дарыясынан өтүп, сирия-түрк чек арасын көздөй багыт алганы кабарланган.
Кошмо Штаттарда көрүнүктүү саясатчылар, анын ичинде Конгресстеги эки партиянын өкүлдөрү тең Трамптын аскерлерди чыгарып кетүү жөнүндө чечимин сынга алып, бул Түркиянын күрддөргө каршы операция башташына жана Орусиянын Сириядагы таасирин күчөтүүгө жол ачканын билдиришкен.
Шаршемби күнү АКШ президенти мунай кендерин кайтарыш үчүн Сириянын чыгышында анча көп эмес сандагы америкалык аскерлер калтырыла турганын билдирди.
Орусиянын аскердик полициясы Сириянын аймагына 2016-жылы кирген. Алар орусиялык контингентти кайтаруу жана укук тартибин колдоо, ошондой эле белгиленген райондорду күзөтүү менен алектенет.