Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:35

«Рух-Ордо» комплексине Турдакун Усубалиевдин эстелиги коюлду


Турдакун Усубалиевдин эстелиги.
Турдакун Усубалиевдин эстелиги.

Ысык-Көлдөгү «Рух-Ордо» комплексинде саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги 2-ноябрда ачылды.

Анын эс алуучу орундукта китептердин алдында отурган элесин кыргыз эл сүрөтчүсү Сабырбек Ажиев жасады. Эстелик орнотууну ардагер курулушчу, Мамэкотехинспекциянын өзөктүк, радиациялык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Марат Исаков сунуш кылып, чыгымдарын көтөрдү.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, «Ак шумкар» өзгөчө белгисин, «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендерин алган.

Быйыл 100 жылдыгы белгиленип жаткан мамлекеттик ишмердин ысымы Бишкектеги эски аянтка, Күрп-Сай ГЭСине берилди. Дагы бир эстелиги Нарынга коюлары кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG