Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Президент Опера жана балет театрынын жаңы сезонунун ачылышына катышууда


Опера жана балет театрында өтүп жаткан концерт. 9-ноябрь. 2019-жыл.

Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда концерт болуп жатат.

«Жаңылануу эргүү берет өнөргө» деген аталыштагы концерт Опера жана балет театрын оңдоп-түзөөнүн бүтүшү жана 77-театралдык сезондун ачылышына байланыштуу өтүүдө.

Аталган театрдын жетекчиси Керим Турапов маданият үйүн оңдоого 47 миллион сом жумшалганын айтты.

Турапов буга чейин Опера жана балет театрындагы артисттердин бөлмөлөрү, сахнаны жарыктандыруу, көшөгөнү өйдө-ылдый жылдырган тетиктер, лифт жаңыртылганын, көп жылдан бери иштебей калган ички байланыш, өрт коопсуздугу боюнча кабар берген система оңдолгонун билдирген. (ZA)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG