Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

Сатыбалдиев: Бакиевдин атын көчөгө койгон токтом жокко чыгарылат


Кыянбек Сатыбалдиев.
Кыянбек Сатыбалдиев.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгарган токтом артка кайтарыларын билдирди.

Ал жергиликтүү кеңештин депутаттары мыйзамсыз токтом чыгарып, бул тууралуу облустук бийликке кабар беришпегенин "Азаттык" радиосуна айтты.

- Токтом мыйзамсыз болгондугуна байланыштуу артка кайтарылат. Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгаруу тууралуу маалымат, райондук жана облустук жетекчиликке өз убагында маалымдалган эмес. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга чара көрүлөт. Көчө башына орнотулган тактайча демонтаж болуп алынды, - деди Сатыбалдиев.

Бүгүн, 9-ноябрда социалдык тармактарга Ноокен районунун Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты коюлганы тууралуу маалымат тараган.

Мындан кийин Рахманжан айылынын башчысы Жакшылык Эгембердиев «Азаттыкка» айылдагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганын ырастаган болчу.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

Жакында эле Чүйдүн Көк-Жар айылындагы көчөлөрдүн бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы ачыкка чыгып, ал коомчулуктун сын-пикирин жараткан.

Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG