Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 14:58

Ноокен: көчөлөрдүн бирине «Кыргызстандын президенти атындагы көчө» деген ат берилди


Ноокен району.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында 85 түтүн жашаган көчөгө "Кыргыз Республикасынын президенти атындагы көчө" деген ат берилди. Бул маалыматты «Азаттыкка» Масы айылынын тургуну Тайыражы Абдукаримов ырастады.

Ал көчөгө мындай атты коюу боюнча сунуш 2018-жылдын декабрь айында айылдык кеңештин сессиясына чыгарылып колдоо тапканын, бирок көчөлөргө ат коюуга убактылуу мораторий киргизилгендиктен 2020-жылы эл каттоодо толук мыйзамдаштырыларын айтты.

Ошондой эле көчөгө азырынча такталар илине электигин кошумчалап, эмне себептен Кыргыз Республикасынын президентинин атындагы көчө деп аталып калганын айтып берди.

-Биз бул атты кимдер бирөөгө жагыныш үчүн койгон жокпуз. Эң негизгиси бизде президент кеткенден кийин эле аны каралап, революция кылып жаман окуялар болуп атат. Ошондуктан мамлекеттин улуулугу, улуттун улуулугу сыяктуу эле президенттин да улуулугун сактап калалы, президент дегенди адамдар сезип турсун, бизден да президенттер чыксын деген максатта ушул атты койдук, - деди Абдукаримов.

Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев Масы айылындагы көчөлөрдүн бирине сөз болуп жаткан ат берилгенинен кабардар экенин, көчөгө ат ыйгарууну айылдык кеңеш өзү чечерин айтты.

Ушул эле райондун Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин аты берилгени белгилүү болуп, ал коомчулуктун сынына кабылды.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 9-ноябрда Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгарган токтом артка кайтарыларын билдирип, анын сүрөтү тартылып, аты-жөнү жазылган такта алынганын кабарлады. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG