Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 15-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 01:43

Тергөө комитети: Соколовдун башка кылмыштары да иликтенет


Олег Соколов сот залында.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастыркин Санкт-Петербург университетинин доценти, тарыхчы Олег Соколовдун дагы башка кылмыштарды кылганы тууралуу маалыматтарды иликтөөнү тапшырды. Мунун алдында айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Соколовдун зордук-зомбулугу тууралуу буга чейин дагы башка студенттер арызданып жүргөнүн жазышкан.

63 жаштагы Олег Соколов 7-ноябрда өзүнүн батиринде аспирантын, соңку беш жылдан бери чогуу жашап жүргөн 24 жаштагы Анастасия Ещенкону мүчөлөп өлтүргөнү белгилүү болгон. Ал маркумдун эки колун жиликтеп, аларды баштыкка салып сууга ыргытып жаткан маалда кармалган. Анын үйүн тинткенде Ещенконун денесинин дагы башка мүчөлөрү табылган.

Сот 11-ноябрда Соколовдун бөгөт чарасын карап, эки айга тергөө абагында камоо тууралуу чечими чыгарды. Ал күнөөсүн мойнуна алды.

Соколов Орусиядагы тарыхый окуяларды кайталап көрсөтүп, чагылдырып берүү кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бир катары таанымал. Ал айрыкча Наполеондун тушундагы согуштарды чагылдыруу иш-чараларына жигердүү катышкан жана бул тарыхый инсандын кийимин кийип, жүргөн-турганын туурап, анын образында эл алдына чыкканды жакшы көргөн.

XS
SM
MD
LG