Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Крестинин: атаандаштын талуу жерин туура колдонсок дейбиз


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттер үчүн басма сөз жыйынында талуу жери жок команда болбойт деген пикирин билдирди. Анын айтымында, азыр алдыга коюлган эң маанилүү милдет 14-ноябрда Бишкекте боло турган Кыргызстан менен Жапониянын командаларынын беттешинде атаандаштын кемчилигин пайдаланып калуу болуп турат:

- Жапония акыркы убактарда Азия кубогунда гана ийгиликтүү оюн көрсөтпөстөн, дүйнө чемпионаттарына да дайыма катышып келет. Бир тарабынан бул жерде командалардын квалификациясы түшүнүктүү. Экинчи жагынан алганда талуу жери жок болгон команда болбойт. Милдетибиз - дал ошол талуу жерди туура пайдаланып калуу жана албетте, өзүбүздү жакшы жактан көрсөтүү. Талуу жер Жапониянын курамасында бар. Жапониянын курама командасын терең урматтайбыз. Оюндун эсеби кандай болорун өзүңөр боолголоп аласыңар да.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши 14-ноябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Буга чейин Жапониянын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Хадзимэ Мориаясу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстан мыкты команда экенин белгилеген:

- Биз Кыргызстан менен буга чейин беттешкенбиз. Күчтүү команда. Эртеңки беттеш жакшы болот деп ойлойм. Тажикстан менен ойногондо коргонууда катачылыктар болгон. Мунун баарын карап чыктык. Кандай болгон күндө да көзгө толумдуу футбол көрсөткөнгө даярбыз.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.

Бул тайпада Жапониянын курама командасы тогуз упай менен жадыбалдын сап башында бара жатат. Эсебинде алты упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунда. Үч упайга ээ болгон Монголия төртүнчү, үч оюнда бир да жолу жеңиш буюрбаган Мьянма бешинчи орунда турат.

2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. 5-сентябрда башталган тандоо оюндарынын 2-баскычы 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат. (GT/ECh)

XS
SM
MD
LG