Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Жапон оюнчулары беттешке даяр


Жапониянын курама командасынын футболчулары машыгуу учурунда. Бишкек. 12-ноябрь, 2019-жыл.
Жапониянын курама командасынын футболчулары машыгуу учурунда. Бишкек. 12-ноябрь, 2019-жыл.

Жапон курама командасынын баасы асман чапчыган оюнчулары, ойноо стили боюнча Интернеттеги ачык маалыматтарга көз жүгүрттүк. Анын ичинде ФИФАнын рейтингине сереп салып, Кыргызстандын курама командасынын «көк самурайлар» деген атаандашы тууралуу маалымат топтодук. 

Жапониянын футбол боюнча курама командасы 12-ноябрда толук курамы менен Бишкектеги экинчи машыгуусун өткөрдү. Команда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, Кыргызстандын курама командасы менен кезектеги беттешин өткөрүш үчүн 11-ноябрда Бишкекке келген. Күйөрмандар чыдамсыздык менен күтүп жаткан беттеш 14-ноябрда өтөт.

«Көк самурайлар» – Жапониянын курама командасынын каймана аты. Башкы машыктыруучу Хадзимэ Мориясу Кыргызстан менен болчу беттешке 23 футболчуну чакырган. Башкы машыктыруучусу бул ирет курама командага Жапониянын жергиликтүү чемпионатында ойногон оюнчуларды жана жаш футболчуларды да чакырган.

Жапониянын курама командасы машыгуу алдында.
Жапониянын курама командасы машыгуу алдында.

ФИФАнын рейтинги

Жапония 28-орунда;

Кыргызстан 94-орунда​.

ФИФАнын 24-октябрда жаңылаган рейтингине ылайык Жапониянын курама командасы үч тепкичке көтөрүлдү. 2019-жылдын январь айынан бери «самурайлар» жалпысынан 18 беттеш өткөргөн. Анын 12синде жеңишке жетип, 3 жолу жеңилип, 3 жолу тең чыккан. Буга Азия, Америка кубоктору жана Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары кирет. Андан сырткары 5 жолдоштук беттеш өткөргөн.

Кыргызстандын курама командасы болсо жыл ичиндеги Азия Кубогун, тандоо оюндарын жана жолдоштук беттештерин кошкондо тогуз беттеш өткөрдү.

Азия Кубогунда Жапония финалга чейин жетип, чечүүчү оюнда Катардын курама командасына жеңилип, күмүш байгеге ээ болду. Ал эми Азия кубокторунда төрт ирет (1992, 2000, 2004, 2011-жылдары) чемпион болгон.

Жапониянын футбол жылдыздары

Жапония - Азиядагы алдыңкы курама командалардын бири. Көпчүлүк футболчулары Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы клубдарында ойнойт. Кыргызстан менен боло турган беттешке жапон футболунун жылдыздарынын катарынан Англиянын премьер-лигасында «Саутгемптон» командасында ойногон Мая Йосида (коргоочу), Түркиянын «Галатасарайында» ойногон Юто Нагатомо (коргоочу) жана быйылкы сезондо мыкты оюн көргөзүп жаткан «Ред Булл Зальцбург» клубунун оюнчусу Такуми Минамино (жарым коргоочу) келген. Бул футбочулардын атак-даңкы эле алардын ошончолук деңгээлдеги тажрыйбалуу футболчу экенинен кабар берет.

Юто Нагатомо.
Юто Нагатомо.

23 футболчунун жетөө гана Жапониянын чемпионатында ойногон футболчулар. Калгандары Португалиянын, Германиянын, Белгиянын, Түркиянын, Англиянын, Испаниянын, Австралиянын жана Сербиянын алдыңкы клубдарында ойношот.

Эл аралык «Трансмаркет» интернет басылмасынын баасына ылайык Жапониянын курама командасы 104, 94 миллион доллар турат. Ал эми команданын эң кымбат футболчусу 25 жаштагы португалиялык «Порту» клубунун жарым коргоочусу Сёя Накадзима. «Трансмаркет» Сёяны 25 млн. еврого баалаган.​

Сёя Накадзима машыгуу учурунда.
Сёя Накадзима машыгуу учурунда.

Сёя Накадзима чапчаң, бат чуркаган, ошол эле учурда топту өзүндө чапчаң кармап калганы жана эки буту менен тең ойногону менен өзгөчөлөнөт. Ал буга чейин Жапониянын жаштар курама командасында ойноп келген.

Жарым коргоочу «Азаттыкка» ой бөлүштү:

- Мен Кыргызстанга бүгүн эртең менен келдим. Бул жерде аба ырайы бир аз суук экен. Эли меймандос, абдан сонун мамлекет деп ойлойм. Эртең кандай оюн талаасында ойнорубузду билебиз. Буга чейин кандай ойноп жүрсөк ошондой эле ойнойбуз. Кыргызстандын курама командасы жөнүндө буга чейин уккан эмесмин жана эч кандай маалыматым жок. Баарын оюндан көрөбүз.

Футбол адистери Жапониянын акыркы алты оюнда такыр жеңилбегенин айткан менен Кыргызстан өз үйүндө мекендештеринин дем-күчүнө таянып жакшы оюн көрсөтөт деген ойдо.

Жапониянын курама командасынын күйөрманы Наоки Нихей өз командасынын оюнун көрүш үчүн атайын Кыргызстанга келген. Ал Кыргызстандын курама командасынын катарында да мыкты оюнчулар бар экенин белгиледи:

- Жапониянын футболчулары Кыргызстанга биринчи жолу келип жатат. Андыктан Кыргызстандын курама командасы үчүн мыкты оюн көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар. Өз үйүндө ойногондо баары бир башкача болот. Алар үчүн оюн талаасы, стадион, аба ырайы да бейтааныш. Кыргызстандын курама командасынын катарында болсо жакшы оюнчулар бар. Алар Кичин, Люкс, Майер жана Берхард. Алар жакшы оюн көрсөтөт деп ойлойм.

Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши 14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Беттеш 17:15те башталат. Футбол федерациясынын маалыматына ылайык бул беттешке билеттердин баары оюн башталарына эки күн калганда эле сатылып кеткен.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.

Футбол: кызыктын баары алдыда
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:18 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG