Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Стамбулдагы экс-консул Сопоковдун ишин жумушчу топ текшерет


Эркин Сопоков.
Эркин Сопоков.

Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшериш үчүн мекеме аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жумушчу топ аталган министрликтин демилгеси менен түзүлүп, ага Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана ТИМдин өкүлдөрү кирди. Алар экс-консулдун ишин текшериш үчүн Стамбул шаарына барышат.

Жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Алгач Кыргызстанда ишкердик менен алектенген Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалганы белгилүү болгон. Түркиянын Адана шаардык полициясынын башчысы Атилла Кылыч «Азаттыкка» кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экенин кабарлаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары кармалгандар кыргызстандык деген маалымат кийин жалган экени далилденип калышы да мүмкүн экенин билдирүүдө.

Саймаити өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени ачыкка чыккан. Мындан тышкары аталган автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгон.

11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG