Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Футбол: Кыргызстан менен Жапония бүгүн ойнойт


Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын капитандары Валерий Кичин менен Мая Йосида.
Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын капитандары Валерий Кичин менен Мая Йосида.

Бүгүн, 14-ноябрда 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 17:15те башталат.

Кыргызстандын Футбол федерациясы оюнга билети жок күйөрмандар стадионго келбей эле койсо деп алдын ала өтүндү.

«Стадионго мыйзамсыз жол менен кирүүгө же дубалдан ашып түшүүгө аракет кылбаңыздар. Австралиянын курама командасы менен беттештеги катаны кайталабайлы. ФИФАнын Тартип комитети бизге үч-төрт жолу эскертүү берген. Эгер кайра эреже бузулса, Кыргызстандын курама командасы Бишкекте эмес, көрүүчүлөрсүз, чет жерде ойноп калат»,- деп айтылат федерациянын кайрылуусунда.

Федерация стадионго билет ала албай калган күйөрмандарды Бишкектеги эски аянтка чакырып жатат. Ал жерде чоң LD экран орнотулат. Өлкө аймагы боюнча «КТРК Спорт» каналы оюнду түз эфирде көрсөтөт.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.

Бул тайпада Жапониянын курама командасы тогуз упай менен жадыбалдын сап башында баратат. Эсебинде алты упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунда. Үч упайга ээ болгон Монголия төртүнчү, үч оюнда бир да жолу жеңиш буюрбаган Мьянма бешинчи орунда турат.(GT)

XS
SM
MD
LG