Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Талдоочулар: Карамушкина демилге көтөрүүдөн мурда аны негиздеши керек


Жогорку Кеңеш жана Президенттик аппараттын имараты.
Жогорку Кеңеш жана Президенттик аппараттын имараты.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын президентке ишеним көрсөтпөө демилгесине байланыштуу "Азаттыкка" пикир билдирип, эл өкүлү андай сунушту конкреттүү негизге таянып айтышы керектигин белгиледи.

"Депутат катары андай демилге көтөрүүгө ал укуктуу. Бирок анын келтирген жүйөлөрү туура эмес болууда. "Тамаркасына таш ыргытып турайын, андан ары кандай болот экен" дегендей кеп. Бажыдагы жемкорлук тууралуу маалыматтарды мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго жабыштырып, ал өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган кездеги ишмердигине байланыштырып жатпайбы. Бажы кызматы облустун жетекчилерине баш ийбейт",- деди Молдалиев.

Карамушкина мамлекеттен чыгарылган миллиондогон долларлар тууралуу журналисттердин иликтөөсүнө байланыштуу ачык-айкын териштирүү жүргүзүүнү, Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп тургандагы ишмердигине баа берүүнү сурап Башкы прокуратурага кат жолдорун 23-ноябрда "Фейсбукка" жазган. Ошондой эле мамлекет башчыга ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгарын билдирген.

Дагы бир саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев журналисттер жарыялаган иликтөөдө 2011-2016-жылдардагы ири жемкорлук жөнүндө сөз болгонун, депутат ошол жылдары мамлекетти ким башкарганына да көңүл буруп коюшу керектигин белгиледи.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө жарыяланган. Анда миллиондогон долларлар Кыргызстанга мыйзамсыз кирип-чыгып турганы айтылган.

Ошондой эле иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси. Депутат бир тууганына байланыштуу маалыматтарды четке кагып келет.

Иликтөөдө аты аталган адамдар менен мамлекет башчынын жакын алака-катышы жоктугун президенттик аппараттын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG