Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Коррупцияга каршы акция Караколдо да өттү


Каракол шаары. 25-ноябрь, 2019-жыл.
Каракол шаары. 25-ноябрь, 2019-жыл.

Акцияны уюштуруучулардын бири Алена Хоменко бүгүнкү акция жалпы эле өлкөдө болуп жаткан коррупцияга каршы, ошондой эле Каракол шаарында жасалып жаткан бир катар иштердин сапатына нааразылык иретинде уюштурулганын айтты.

- Биз «Ысык-Көл облустук администрациясынын маңдайында тынчтык акциясын өткөрөбүз» деп социалдык баракчаларда жазганбыз. Бирок шаардык мэрия сотко кайрылып, сот бүгүн эртең менен биздин нааразылык акциябызды «борбордук аянтта өткөрүлбөсүн» деген чечим чыгарып салды. Ушундан улам биз акцияны шаардык стадиондо өткөрдүк, - деди Хоменко.

Акциянын катышуучулары соттун бул чечиминен кийин облустук өкүлчүлүктүн имаратынан стадионго чейин жөө жүрүш кылышты.

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү. Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды айтып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты.

Бул акцияны чет өлкөдө жүргөн бир катар кыргызстандыктар да колдоп, паракорчулукка каршы талаптар жазылган сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялашты.

Бул акциялар «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланышына байланыштуу коомдо кызуу талкуу жаралган учурга туш келди. (KS)

XS
SM
MD
LG