Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Кыргызстандын футбол командасы рейтингде эки баскычка төмөндөдү


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде эки тепкичке төмөндөдү. Уюмдун расмий сайтында жарыяланган маалыматка таянсак, Кыргызстан 96-орунда жайгашты.

Өткөн айдагы рейтингде Кыргызстан 94-орунду ээлеген.

Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде болсо Кыргызстандын курама командасы 14-орунду ээлеп турат.

Кыргызстандык футболчулардын рейтингде позициясынын төмөндөшүнө 2022-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка тандап алуунун алкагында Жапониянын курама командасынан 2:0 эсебинде утулуп, Тажикстандын курама командасы менен 1:1 эсебинде тең ойношу себеп болду. Андан сырткары «Ак шумкарлар» Өзбекстандын курама командасы менен болгон жолдоштук беттеште да 3:1 эсебинде жеңилип калышты.

Рейтингде көч башында Белгия, Франция жана Бразилия турат.

Дүйнө чемпионатынын тандап алуу турундагы Кыргызстандын атаандаштары болгон Жапония 28-орунду, Тажикстан 121чи, Мьянма 11 тепкич өйдө көтөрүлүп 136-орунду, ал эми Монголия 190-орунду ээледи. (GT)

XS
SM
MD
LG