Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:03

3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу Бишкектеги «Sheraton» мейманканасында фестиваль жана көргөзмө болот. Ага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышары расмий кабарланды.

Майыптардын эл аралык күнү жыл сайын 3-декабрда белгиленет. Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Өлкөдө мекеме-ишканаларда, коомдук автоунааларда майыптарга шарттын жоктугун активисттер сындап келатышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 1992-жылдагы резолюциясына ылайык, жыл сайын 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнү белгиленет.

XS
SM
MD
LG