Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:12

Алматыда жасалма сот болуп иштеген аял кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы шаарында прокуратура жалган судья болуп иштеген аял аныкталганын билдирди. Ага ылайык, бул айлакер айым «Адилет» эл аралык арбитраждык соту деген бирикме түзүп алып, бир катар административдик, жарандык жана кылмыш иштерин карап, Казакстан Республикасынын атынан өкүмдөрдү чыгарган.

Шаардык прокуратура тараткан маалыматты «мыйзамсыз соттук актылар менен ал жарандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыраткан, айып пул салган жана тергөө абагынан бошотууга аракет кылган» деп айтылат.

Прокурорлор айлакер аял кантип аныкталганы, канча жасалма сот өткөнү тууралуу маалымат беришкен жок. Бирок анын уюму жоюлганын жана ага карата «Бийлик өкүлүнүн наамын өзүм билемдикке салып ыйгарып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. Эгер анын күнөөсү далилденсе беш жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.

XS
SM
MD
LG