Дүйнө лидерлеринин көбү орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жайгаштырууга мораторий жарыялоо тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин катына жооп беришкен жок. Бул тууралуу орус мамлекет башчысы өзү аскердик тематикадагы жыйын маалында билдирди.
Путиндин айтымында, дүйнө коомчулугунун реакция кылбай жатышы Орусияны бул коркунучтарга каршы туруш үчүн чара көрүүгө аргасыз кылууда.
- Азырынча бизге Франциянын президенти Эммануэл Макрон мырза гана жооп берди. Башка өнөктөштөр реакция кыла элек, - деди Путин. Орус лидери Москва учурда ракеталар жок жерлерге жаңыларын жайгаштырууга кызыкчылыгы жок экенин кошумчалады.
Бир күн мурун Владимир Путин Орусия жыл аягына чейин эч кандай болжолдуу шарттарсыз эле стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жөнүндө макулдашуунун (СНВ-3) мөөнөтүн узартууга даяр экенин билдирген. Ал кийин Москванын позициясы тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылбашы үчүн ушундай сунуш киргизип жатканын белгилеген.
Путин быйыл сентябрда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө, анын ичинде Кытай менен НАТОго мүчө бардык мамлекеттерге кат жолдоп, кыска жана орто аралыктагы ракеталарды жайгаштырууга мораторий киргизүүнү сунуштаган.
Августта 500дөн 5500 чакырымга чейин жете турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу макулдашуу күчүн жоготкон. Бул келишимге 1987-жылы ошол кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол убактагы президенти Рональд Рейган кол коюшкан. Алгач Вашингтон Москваны «макулдашуунун шарттарын бузду» деп айыптап, келишимден чыкканын жарыялаган. АКШнын бул позициясын НАТО да колдогон. Орусия бул дооматтарды четке кагып, кийинчерээк ал да келишимден чыкканын билдирген.