Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Батукаев боюнча ишти кароо уланат


Биринчи май райондук соту.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 12-декабрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу жыйын уланат. Буга чейинки отурум соттолуучу Абдухалим Раимжанов ооруп келбей калганына байланыштуу болгон эмес.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева баш болгон 10дон ашык мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG