Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

ТИМ сөз эркиндиги боюнча ЕККУнун өкүлүнө жооп кайтарды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезирдин сөзүнө жооп катары билдирүү таратып, аны менен макул эместигин кабарлады.

Мекеме Кыргызстанда сөз эркиндигине эч кандай чектөө жоктугун жана өлкө демократия принциптерин, адам укуктарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) көп түрдүүлүгүн эл аралык милдеттенмелерге ылайык сактап келе жатканын билдирет. Ошондой эле муну президент Сооронбай Жээнбеков да бир нече ирет белгилегени кабарланат.

“Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун ЖМК иштери боюнча өкүлү Арлем Дезирдин Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу билдирүүсү менен таптакыр макул эмес, аны субъективдүү жана чыныгы жагдайды чагылдырбаган пикир деп эсептейт. Бул билдирүүнү Кыргыз Республикасынын соттук бийлигине кандайдыр бир таасир этүү аракети катары баалайбыз", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Арлем Дезир 14-декабрда билдирүү таратып, «Азаттык» радиосу, "Kloop" жана "24.kg" басылмаларына карата ири суммада доо коюлганына камтамачылыгын жарыялаган. Ал бул аракет ЖМКлардын эркиндигине тескери таасир этерин айткан.

Аталган үч медианын үстүнөн бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана "24.kg" сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Буга Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттык» радиосунун, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу чыгарган иликтөөлөрдө айтылган маалыматтар негиз болгон. Иликтөөлөрдү "24.kg" басылмасы да өз баракчасына жайгаштырган.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. Ушул эле соттук мекеменин судьясы Жылдыз Ибраимова 13-декабрда кайра Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен эсептерди камактан чыгарган. (ErN)

XS
SM
MD
LG