Футболчу Месут Өзилдин сөзүнөн улам Кытайдын борбордук телеканалы (CCTV) британиянын "Арсенал" жана "Манчестер Сити" футбол клубдарынын беттешин көрсөтпөй койду.
"Арсеналдын" оюнчусу Өзил кытай бийлигин Шинжаң уйгур автоном районундагы уйгурларга басым жасап жатканын "Твиттерге" жазып, Бээжинди айыптаган эле.
Кытайдагы англис тилдүү "Global Times" Өзилдин айткандарын чындыкка дал келбейт деп, футболчу кытайлык күйөрмандарын ирээнжиткенин жазды.
Түрк тектүү немис жараны Өзил "Твиттердеги" билдирүүсүн 13-декабрда жарыялаган. Аны 135 миңдей адам жактырып, 52 миңге жакыны бөлүштү. 14 миңдей киши комментарий жазды.
Бээжин мусулман азчылыктын укуктарын одоно бузуп жатканы дүйнө коомчулугу да сындап келатат. Кытай аны куру доомат деп мүнөздөөдө.