Румыния соту 2015-жылы Бухаресттеги түнкү клубда болгон өрт үчүн айыптуу 13 кишини абакка кести. Кырсык 65 кишинин өмүрүн кыйып, өлкөдө массалык нааразылыкка алып келген. Бухаресттин муниципалдык соту 16-декабрда клубдун үч ээсин ар бирин 11 жыл 8 айга эркинен ажыратты. Алар өрткө алып келген коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп табылды.
Өрт 2015-жылдын октябрында рок концерт маалында тутанган. Шоу салют менен коштолгон. Ошол фейерверк менен камсыздаган компаниянын үч өкүлү 10 жылдан 12 жылга чейин кесилди. Абакка өкүм кылынгандардын арасында шаар бийлигинин өкүлү жана өрт коопсуздугу инспектору бар.
Ал окуядан кийинки нааразылык акциялары ошол кездеги өкмөт башчы Виктор Понтанын кызматтан кетишине алып келген.