Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:22

Батукаевдин иши боюнча айыпталуучулардын бирин тез жардам алып кетти


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иште айыпталуучулардын бири, дарыгер Абдухалим Раимжановду тез жардам кызматы алып кеткендиктен сот жараянды 26-декабрга жылдырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Соттук кароо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жаткан. Адвокаттар отурумду Биринчи май райондук сотуна которууну жана аны Атамбаевсиз өткөрө берүүнү өтүнүшкөн. Буга УКМКнын бөлмөсүнө катышуучулар тыгылып, сот, прокурор жана айыпталуучулар бетме-бет отуруп калышканы себеп болду. Ошондой эле Раимжанов чакан бөлмөдө отуруудан кыйналып жатканы белгиленген.

Сот адвокаттардын өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тарткандан кийин мурдагы президент ордунан туруп, жараяндан чыгып кетти. Сот тыныгуу жарыялады. Тыныгуу учурунда Раимжанов өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген.

Соттук процессти УКМКнын имаратында өткөрүү чечимин 19-декабрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарган. Буга прокурорлордун өтүнүчү себеп болгон. Айыптоочулар Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун келтирген.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иш ушул жылдын 15-октябрында башталган. Алмазбек Атамбаев иш боюнча баштапкы соттук угууга келүүдөн баш тартып, катышкан эмес. Кийин соттук териштирүүгө да келбей, жактоочулары аркылуу сотту ансыз эле өткөрө берүүгө макул экенин билдирген. Ал сотко бир гана жолу - 29-ноябрда алып келинген.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Аталган иш боюнча мурдагы баш прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG