Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Шаардык кеңеш футбол академиясын куруу маселесин кароону эртеңкиге калтырды


25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында баш калаада футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралды. Анда Күкүрт кампасынын түштүк жагынан жаңы стадион курууга жер тилкесин берүү демилгеси көтөрүлдү.

Футбол академиясын курууга мэрия үч жер тилкесин сунуштап, бирок Футбол федерациясы алар Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айтып, баш тарткан. Бишкек шаардык кеңеши баш калаада Футбол академиясын куруу үчүн жер тилкесин бөлүү маселесин кароону эртеңки сессияга калтырды.

Футбол федерациясы курула турган Футбол борборунун макети жарыялаган. Анда үч чоң жана алты мини футбол үчүн талаа, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар салынары айтылган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Футбол федерациясы менен кошо футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуш кылган.

Мамлекет башчы бул тууралуу быйыл 24-январда улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирген. (GT)

XS
SM
MD
LG