Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 07:31

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин жанында кезек күткөн машинелер турат


Кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Тилек» автожол өткөрмө бекетинде бир нече чакырымга созулган тыгын пайда болду. 7-январь, 2020-жыл.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетине жакын Бишкек-Торугарт жолун бойлой 100гө жакын жүк ташуучу автоунаа турат. Бул маалыматты Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы ырастады. Кезек өткөн айдын аягынан бери сакталууда.

Айдоочулар буга казак тараптын эл керектөөчү товарларды жүктөп, транзит менен бараткан машинелерге электрондук пломба басуу тартиби себеп болгонун айтышууда.

Мамлекеттик чек ара кызматы эки тараптын чек арачылары тарабынан жүктү жана жүргүнчүлөрдү өткөрүүгө атайын чектөө жок экенин билдирди. Бирок анын маалыматы боюнча Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин электрондук пломбага байланышкан текшерүүлөрү чек арада оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын пайда кылган.

Өкмөт бул тууралуу комментарийди кечирээк бере турганы кабарланды.

Кыргыз-казак чек арасында бир нече жолу автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилген. Алар эки өлкө ортосундагы мамилеге таасирин тийгизген учурлар болгон. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG