Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Путин премьер-министрликке Михаил Мишустинди көрсөттү


Владимир Путин менен Михаил Мишустин.
Владимир Путин менен Михаил Мишустин.

Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөттү жетектөөгө Федералдык салык кызматынын төрагасы Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта «президент Владимир Путин Михаил Мишустин менен жолугушуп, ага өкмөттүн төрагасы кызматын сунуш кылды жана макулдугун алгандан кийин Мишустиндин талапкерлигин Мамлекеттик Думага жөнөттү» деп айтылат.

53 жаштагы Михаил Мишустин Федералдык салык кызматын 2010-жылдан бери жетектейт.

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-январда Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыккандан кийин премьер-министр Дмитрий Медведевди кабыл алган.

Анда Медведев Путиндин Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштарына байланыштуу орус өкмөтү кызмттан кетерин жарыялаган. Медведев өкмөттүн кызматтан кетишин президентке керектүү чечимдерди кабыл алууга толук мүмкүнчүлүк түзүп берүү максаты менен түшүндүргөн.

Путин Медведевге жаңы өкмөт куралгыча милдетин толук аткарып турууну сунуш кылган. Ал Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деген жаңы кызмат түзөөрүн, ага Медведевдин талапкерлигин көрсөтө турганын билдирди.

Путин Федерация Кеңешиндеги кайрылуусунда Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттин айрым ыйгарым укуктарын Мамлекеттик Думага берүүнү сунуш кылган.

Орус өкмөтүнүн азыркы курамы 2018-жылы түзүлгөн. Медведев өкмөттү 2012-жылдан бери жетектеп келе жаткан. Ал 2008-2012-жылдары президенттик кызматты аткарып, ал кезде өкмөттү Путин башкарган.

XS
SM
MD
LG